Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-майынан 24-майына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чон-Ашуу ашуусу; Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.