Тоолуу Карабак Республикасы мындан ары жок

Автор

Тоолуу Карабактын башчысы Самвел Шахраманян таанылбаган республиканы жоюу тууралуу жарлыкка кол койду.  Ал 2024-жылдын 1-январында өз ишин токтотот.  Президент ошондой эле документте айтылгандай, бардык мамлекеттик мекемелерди таркатты.
Ал мындай чечим «азыркы оор аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу» кабыл алынганын белгиледи.
“Россиянын бейпилдик контингентинин командачылыгынын ортомчулугу менен Азербайжан Республикасынын өкүлдөрү менен Тоолуу Карабактын тургундарынын эркин, ыктыярдуу жана тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну эске алды. Ал эми Тоолуу Карабак Республикасы өз ишин токтотот”,-деп белгиленет жарлыктын текстинде.
Документ жарыялангандан кийин дароо күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиялык спортчулардын тагдыры  1-октябрда чечилет

Орусиялык спортчуларды  Олимпиадалык оюндарга  катыштыруу  боюнча чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин комиссиясынын жыйынында кабыл алынат. Лозанна шаарында  1-2-октябрда эл аралык спортчулар форумунун сессиясында бул маселенин каралышы күтүлүүдө. Спортчулар комиссиясы эл аралык мелдештерге орусиялык жана беларусиялык спортчуларды кабыл алуу боюнча Эл аралык олимпиада комитетинин  сунуштарын талкуулайт. Балким, анын жыйынтыгында  спортчулар 2024-жылкы […]

Сизге жагышы мүмкүн