Тоолуу Карабак менен Азербайжан ок атышууну токтотуу боюнча макулдашты

Автор

Тоолуу Карабак республикасынын өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча Баку менен макулдашууга жетишкенин кабарлашты. Муну Азербайжандын Коргоо министрлиги да тастыктады.
«Тоолуу Карабакта жайгашкан Россиянын бейпилдик контингентинин командачылыгынын ортомчулугу менен 2023-жылдын 20-сентябрында саат 13:00дөн тарта согуштук аракеттерди толук токтотуу боюнча макулдашууга жетишилди»,-деп айтылат маалыматта.
Макулдашууга жетишүү тууралуу маалыматты Азербайжандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү да тастыкташкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Денис Петрашов Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 2024-жылы өтөтурган Париж Олимпиасына лицензия жеңип алганын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спортчуга Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен Олимпиадага жолдомо ыйгарылды. Белгилей кетсек, Денис Петрашов 2016-жылы Рио жайкы олимпиадасына жана 2021-жылы Токио Олимпиадасына катышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн