Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

Автор

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчөт

Эртең, 5-июнда Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сууну өчүрүүгө «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштери иштери себеп болгон. Буга байланыштуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин Байтик Баатыр- Элебаев — Кулатов көчөлөрү, Геологиялык көчөсү– Л.Толстой – Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн […]

Сизге жагышы мүмкүн