Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Автор

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-9-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымы, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымындарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын, алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпоону эскертет.
Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз «112» кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Волейбол боюнча өлкө чемпионатынын II этабы өтүүдө

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын XVI чемпионатынын II этабы башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-февралда башталган мелдеш 11-февралга чейин созулат. Оюнга жогорку жана улуттук лиганын курама командалары катышып жатат. Спорттук иш-чаранын ачылышына Дене тарбия жана […]

Сизге жагышы мүмкүн