Токтогул шаарынын мэри кармалды

Автор

Токтогул шаарынын мэри кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМКсынын мамлекеттик кызматкерлер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосундагы мүмкүн болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзгөн ишинин жүрүшүндө Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А. тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды.

«2022-жылы Т.Э.А. жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси тараптан баш тартууну алган Т.Э.А. белгисиз адамдарды тарткан, анын ичинде И.Б.А. аттуу “Дөө Чынгыз” каймана аты бар Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон. Андан соң жогоруда аталган адамдар физикалык күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын.

50% үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, Т.Э.А.нын уулунун атына каттатып коюшкан.

Андан кийин аталган жерде кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган. Ошону менен бирге өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу Э.у.А., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң көп маяна алган футбол машыктыруучуларынын рейтинги жарыяланды

Дүйнөдөгү эң көп маяна алган футбол машыктыруучуларынын рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Мадриддин «Атлетико» командасынын жетектеген  аргентиналык адис Диего Симеоне  дүйнөдөгү эң көп айлык алган футбол боюнча башкы машыктыруучулардын рейтингинин сап башына чыкты. Ал жылына 34 миллион евро маяна мененалдыга чыкты.   Эң […]

Сизге жагышы мүмкүн