Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады

Автор

Бүгүн, 30-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 26 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 205 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, былтыр бул күнү суунун көлөмү 11,7 млрд куб метрди түзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептеги окуя: Директор иштен алынып, мугалимге айып пул салынды

Ташкенттеги №188 мектептин директору, 24-сентябрда мугалим орус тилинде сабак өткөрүүнү сураган окуучуну сабаган окуядан кийин кызматынан бошотулду. Окуяга катышкан мугалимдин документтери толук тартипте эмес экендиги аныкталды. 44 жаштагы Озода Равшанова расмий түрдө иштеген эмес, 2014-жылдан бери Россияга жана Казакстанга иштөөгө кеткен. Окуянын алдында ал мектепке директордун орун басары менен маектешүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн