Токтогулдагы суунун көлөмү дээрлик 10,8 млрд куб метрге жетти

Автор

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 781 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1008 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 460 куб метрди түзүүдө.
Буга карабай, өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

28-июнга карата аба ырайы

Эртең, 28-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 21…26, күндүз 33…38; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 33…38; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн