Ысык-Көлдө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында блокадага кабылган Ленинграддан 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эстелиги ачылды.
Түп районундагы Ак-Булуң айылында өткөн иш-чаранын башталышы Токтогон Алтыбасарованын эстелигине гүлчамбар коюу жана бир мүнөт унчукпай туруу менен ачылды.
Иш-чараны өткөрүүгө Россиянын элчилиги, Коргоо министрлиги, Бишкек жана Кыргызстандын епархиясы колдоо көрсөткөн. Биргелешип уюштурууга Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому жардам берген.
Султан Айжигитов каршы чыккан мыйзам долбоорун ЖК комитети жактырды
Дүй Июн 10 , 2024