Гаваиде Мауи аралында шаршемби, 10-августта башталган өрттүн курмандыктары 67ге жетти.
Тилсиз жоо үйлөргө жакындаганда кеч болгонун түшүнгөн эл дүрбөлөңгө түшүп сууга секиришкен.
Өрттүн чыгышына ысык, кургакчылык жана бороон-чапкындуу шамал себеп болгон. Келтирилген зыян ондогон миллиард долларга бааланышы мүмкүн. Вашингтон Гавайиге федералдык жардам берүүнү убада кылды. Куткаруу операциясына Жээк коргоо, деңиз жөө аскерлери жана АКШнын деңиз флоту кошулду.