Токмокто менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Автор

2004-жылы «КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзу» тарабынан менчиктештирилип кеткен Токмок шаарынын 3-кичи районундагы №18 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аянты 1140 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан аянты 4235 чарчы метр жер кайтарылды.
Менчик ээси «КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор Союзунун» башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А. аттуу жаран экендиги аныкталды.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, 130 млн сом наркындагы аянты 5375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев менен Шольцтун маалымат жыйыны өтпөй калды

Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Астанадагы жолугушуусунан кийин өтүшү керек болгон биргелешкен маалымат жыйыны Казакстан тараптын демилгеси менен жокко чыгарылды. Казакстан президентинин сайтында айтылгандай, лидерлер эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүү, энергетика, өнөр жай, тоо-кен өнөр жайы жана башка тармактар боюнча кызматташууну талкуулашкан. Жолугушуу учурунда […]

Сизге жагышы мүмкүн