Токмок шаарында 1995-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо- ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, аталган борбор Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан жеке менчикке толук түрдө берилгени аныкталды. Ошону менен бирге, Өкмөттүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 421 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасына» ылайык, ушул типтеги объектилер толугу менен менчиктештирүүгө жатпайт, б.а. акциялардын 59% мамлекетке тиешелүү болушу керек.
Е.У. жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган ден соолукту чыңдоочу мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Натыйжада, мамлекетке ден соолукту чыңдоо борборунан тиешелүү акцияларынын пакети берилген эмес, б.а. мамлекет пайдадан жана борбордун аймагынын бир бөлүгүн ээликтен ажыратуудан дивиденддерди алган эмес.
УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул социалдык маанилүү объект максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүлүп берилгени айтылды.