Токаев 71 жашта. Президент туулган күнүн кандай өткөрөт?

Автор

Бүгүн, 17-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 71 жашка толду. Өлкө башчынын басма сөз кызматы президент бул күндү кандай өткөрөрүн айтып берди.
Президенттин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Берик Уали мамлекет башчы туулган күнүн белгилебей турганын билдирди.
«Касым-Жомарт Токаев үчүн бул кадимки иш күнү. Президент жумушта болот. Бул датага байланыштуу эч кандай иш-чара пландалган жок. Администрациянын кызматкерлерин дагы куттуктоолордон карманууну суранышты»,-деди Берик Уали.
Өткөн жылы да мамлекет башчысы 17-майды кадимки күндөй өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөнүн эң мыкты футбол академиялары аталды

Эл аралык спорттук изилдөөлөр борборунун (CIES) эксперттери дүйнөдөгү футбол чемпионаттарындагы абалды талдап, “Барселона” менен “Реал Мадриддин” окуучулары эң көп суроо-талапка ээ деген тыянакка келишти. Дүйнө жүзү боюнча 60 футбол лигасында жүргүзүлгөн байкоолордо 101 оюнчунун “Барселона” менен “Реал Мадриддин” академиясынын диплому бар экени аныкталган. Мында 15 жаштан 21 жашка чейин бул […]

Сизге жагышы мүмкүн