Токаев Трамп менен сүйлөштү

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү.
Акордонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Токаев Трампты АКШ президенти болуп шайланышы менен куттуктады.
«Саясатчылар соода, инвестиция жана өзөктүк куралды жайылтпоонун алкагында стратегиялык өнөктөштүктү интенсивдүү өнүктүрүүгө өз ара берилгендигин тастыкташты»,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Токаев Казакстандын эл аралык күн тартибиндеги эң актуалдуу маселелер боюнча позициясын билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн Трамп менен үзгүлтүксүз байланышып турууга макулдашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Козголоңчулар дагы бир шаарды ээлешти

“Хайят Тахрир аш-Шам” исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар Сириянын төртүнчү чоң шаары делген Хама шаарын ээлеп алышты. “Мындан кийинки кадам Тартус жана Латакия шаары. Андан ары Дамаскты каратабыз”,- деп билдирди козголоңчулардын лидери. Ал эми Башар Асаддын өкмөттүк армиясы жай тургундардын өмүрлөрүн сактап калуу жана согушка жол бербөө максатын көздөп Хама шаарын […]

Сизге жагышы мүмкүн