Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыда Борбор Азия өлкөлөрү үчүн долбоордук кеңсе түзүүнү жана 2026-жылы Казакстанда БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу астында Регионалдык климат саммитин өткөрүүнү сунуштады.
“Биздин аймактын эки чоң дарыясында – Сырдарыяда жана Аму-Дарыяда суунун деңгээли 2050-жылга чейин болжол менен 15 пайызга азаят. Аймакта экологиялык катастрофанын алдын алуу үчүн Аралды куткаруунун эл аралык фондун колдоого көбүрөөк каражат бөлүүгө чакырабыз. Суу маселеси жана климаттын өзгөрүүсү тыгыз байланышта. Борбордук Азия – бул суу коопсуздугу тыгыз кызматташуу жана натыйжалуу тандалган биргелешкен чаралар аркылуу гана ишке ашуучу аймак»,-деди президент 8-июнда Астана эл аралык форумунда сөзүндө.
Мамлекет башчы белгилегендей, Борбор Азиядагы кургакчылык жана суу ташкындары жылына ИДӨгө 1,3 пайыз өлчөмүндө зыян алып келет, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 30 пайыз төмөндөйт. Бул 2050-жылга карата 5 миллион ички климаттык мигранттардын пайда болушуна алып келет. Токаев мөңгүлөр буга чейин 30 пайызга азайганын эске салды.
Токаевдин айтымында, Казакстан жашыл экономиканын эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, энергиянын кайра жаралуучу борбору боло алат. Бирок, ал үчүн Астанадагы эл аралык форумда ресурстар жана өнөктөштүк керек. “Глобалдык климаттык өзгөчө кырдаал биздин өз ара көз карандылыгыбыздын жана жалпы тагдырыбыздын эң ачык мисалы болуп саналат. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бири-бирибиз менен байланыштабыз. Бул чындыкты эске алганда, кантип биргелешип иштөөнү чечкендер ийгиликке жетет”,-деди Касым-Жомарт Токаев.