Токаев менен Шольцтун маалымат жыйыны өтпөй калды

Автор

Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Астанадагы жолугушуусунан кийин өтүшү керек болгон биргелешкен маалымат жыйыны Казакстан тараптын демилгеси менен жокко чыгарылды.
Казакстан президентинин сайтында айтылгандай, лидерлер эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүү, энергетика, өнөр жай, тоо-кен өнөр жайы жана башка тармактар боюнча кызматташууну талкуулашкан. Жолугушуу учурунда Шольц Токаевден Россия менен Украинанын ортосундагы аскердик кагылышууну жөнгө салуу боюнча пикирин билдирүүнү суранган. Токаев “аскердик жактан Россияны жеңүү мүмкүн эмес” деп билдирип, аскердик аракеттерди токтотууга чакырды жана андан ары курчушу “бүтүндөй адамзат үчүн, биринчи кезекте, Россия-Украина жаңжалына түздөн-түз аралашкан бардык өлкөлөр үчүн орду толгус кесепеттерге алып келерин белгилеген.
Өз кезегинде Шольц Германия Украинаны колдоону уланта берерин билдирип, Россиянын жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык конференциясына катышуусун колдой турганын айтты. Ал ошондой эле Казакстан менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү каалай турганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Дарыгерлер күзүндө D витаминин кимге ичүү керектигин айтышты

Дарыгерлер D витамини жетишсиздиги зыяндуу экендигин айтышууда. Айрыкча, балдарда рахит, ал эми чоңдордо уйку көйгөйлөрү, психикалык бузулуулар, организмдин адаптациялык касиеттеринин төмөндөшү жана остеопороз пайда болушу мүмкүн экендигин билдиришти.. D витамини кандай адамдарда жетишсиз болушу мүмкүн? Семиз адамдарда (жогорку дене массасынын индекси) Салмаксыз жана иррационалдуу тамактанган адамдар Ашказан-ичеги трактынын оорулары жана […]

Сизге жагышы мүмкүн