Токаев Кытайга иш сапары менен келди

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Боао Азия форумунун XXIII сессиясына катышуу үчүн Эл аралык конференция борборуна келгенин Акорданын басма сөз кызматы билдирди.
Токаевди аталган форумдун директорлор кеңешинин төрагасы Пан Ги Мун жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лецзи тосуп алды.
28-29-мартта Токаев Кытайда иш сапары менен болот. Боао Азия форумунун сессиясына катышуудан тышкары, ал өлкө башчысы, эл аралык уюмдардын жана кытайлык ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушат.

Бөлүшүү:
Next Post

Пара дзюдочулар Эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта өтөт. Курама команданын тизмеси: Фердауза Убакирова (48 кг); Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов (60 кг); Маматибрагим Суранов (73 кг). Байбол […]

Сизге жагышы мүмкүн