Казакстанда 20 миллионунчу тургун төрөлгөн. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдирүү жарыялады.
«Казакстандын калкы 20 миллионго жетти! Мекендештеримди бул маанилүү окуя менен куттуктайм! Бактылуу үй-бүлө – улуттун бакубаттуулугунун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи. Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, эне жана баланы коргоо боюнча иштерди улантат»,-деп жазды мамлекет башчысы Твиттердеги баракчасына.
Улуттук статистика бюросу кабарлагандай, беш бала Казакстандын 20 миллионунчу жараны болду.
Алар 14-ноябрда төрөлгөн. 20 миллионунчу жарандын туулган күнү бардык демографиялык маалыматтарды эске алуу менен аныкталган.
«Калктын маалымат базасына ылайык, 2023-жылдын 14-ноябрында таңкы саат 8:10до төрөлгөн 5 бала өлкөнүн 20 миллионунчу тургуну болду. Казакстандын юбилейлик жарандары Улуутау жана Жетисуу, Атырау, Акмола жана Түркстан облустарында төрөлгөн. Алардын арасында 3 уул, 2 кыз бар»,-деп айтылат маалыматта.
Казакстандын 19 миллионунчу жараны мындан 2 жыл мурда август айында төрөлгөн.