Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөткө тапшырма берди.

“Мамлекет башчысы өкмөткө казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалды биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамилелердин духунда жөнгө салууну тапшырды” деп  айтылат  Акорданын Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.

Ошондой эле президент «чек ара аркылуу жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөө үчүн санариптештирүү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын» белгилегени айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Шавкат Мирзиёевдин кызы президенттин жардамчысы  болуп дайындалды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тун кызы, 38 жаштагы Саиданы өзүнүн жардамчысы кылып дайындады. Буга чейин президенттин тун кызы Шавкат Мирзиёев президенттик аппараттын коммуникация жана маалымат саясаты секторун жетектеп келген. Ал эми ЖМКлар Саида Мирзиёева президенттик аппараттын жетекчиси болушу мүмкүн экенин, бул жаңыланган администрациядагы эң жогорку кызмат экенин жазып чыгышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн