Токаев казакстандыктардан Назарбаевдин эмгегин унутпоону суранды

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Республика күнү мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде бул кызматтагы өзүнүн мурунку кесиптеши Нурсултан Назарбаевдин эмгектерин унутпоо керектигин баса белгиледи.
«Бул өлкө үчүн эң маанилүү майрамда биз Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин эмгектерин белгилешибиз керек. Ал азыркы заманбап казак мамлекеттүүлүгүн калыптандырууда тарыхый маанилүү роль ойногон. Анын эмгектери унутта калбашы керек. Бул биздин келечегибиз үчүн өтө маанилүү. Казакта «Жакшынын жакшылыгын айт» деген сөз бар. Бүгүнкү күнгө адилеттүү баа берүү үчүн, өткөн тарыхка да адилеттүү баа беришибиз керек»,-деди Токаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Сүйүн Өмүрзаков: "Баткен коогалаңында омурткасынан 2 ок жеген кызматкерибизди апасы жуундурат экен"

Кызмат учурунда же, ата мекендик милдеттерин аткарып жатып денесине оор жаракат алгандар боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков маселе козгоп, алардын көйгөйлөрүн жоюу боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 24-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты. “Алардын ден соолугун калыбына келтириш үчүн көп убакыт талап кылынат экен. […]

Сизге жагышы мүмкүн