“Жакынкы он жылдык Борбордук Азия чөлкөмү үчүн чечүүчү болот”,-деп билдирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 14-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусунда.
“Бул тарыхый мүмкүнчүлүктү канчалык натыйжалуу пайдаланарыбыздан көз каранды”,-деди ал.
Анын айтымында, биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Борбор Азия аймагы динамикалуу өнүгүп, эл аралык аренадагы позициясын барган сайын бекемдеп, глобалдык процесстерге активдүү катышууда.