Токаев АЭС куруу боюнча референдумда добуш берди

Автор

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча республикалык референдумда добуш берди.
Бүгүн, 6-октябрда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча республикалык референдум өтүүдө.
Референдумда казакстандыктар өлкөгө атомдук электр станциясынын керек же керек эмес экенин чечиши керек. Анда «Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?» деген суроого Казакстандыктар «ооба» же «жок» деген эки жооптун бирин тандашы керек.
Добуш берүү саат 20:00гө чейин уланат.
Президент Касым-Жомарт Токаев атомдук электр станциясын куруу идеясын өткөн жылы өлкө элине жасаган кайрылуусунда айткан.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн