“Кыргызды тойлор түбүнө жете турган болду. Биздин убактыбызды да, акчабызды да, алып жатат. Өзбек туугандардан өрнөк алышыбыз керек. Алардын төбөсү көккө жеткени деле тойлорун үйүндө өткөзүүдө”,- деди Нематулла ажы Жалал-Абад облусунда УКМК төрагасы менен болгон жолугушууда.
Облус казысы элдин тойлордон тажап бүткөнүн билдирип, муну мыйзамга киргизип тартипке салуу керектигин белгиледи.
Шей Сен 24 , 2024
2025-жылдын 1-январынан баштап, мигранттар үчүн айрым чектөөлөр киргизилди. Эми тамеки, ичимдик жана стационардык жайларда тамак-аш сатууга, спорт, маданият, эс алуу жайларында, саламаттык сактоо, билим берүү жаатында иштөөөгө тыюу салганын Орус бийлиги маалымдады. Мындай чечим жергиликтүү тургундардын даттануусунан улам кабыл алынган. Учурда мигранттардын 3/1 бөлүгүнө такси айдап эмгектенүүсүнө чектөө киргизилген. Яндекс […]