Бүгүн, 28-ноябрда саат 14:30 да коомдук жана мамлекеттик ишмер, белгилүү бизнесмен Аскар Салымбеков демилгелеген тойдогу ысырапкорчулукту жоюу жана тойдун эрежесин өзгөртүү боюнча жолугушуу иш-чарасы болуп өтөт.
Жолугушуу “Достук” мейманканасынын жанындагы Империал залына белгиленген.
Өткөн жумада Аскар Салымбеков тойлордун убактысын чектөө, ысырапкорчулукту азайтуу боюнча иш планын түзүп, коомчулуктун талкуусуна койгон.