“Тозок дарбазалары” газ кратерин өчүрүүнүн жолун ойлоп табышты

Автор

Түркмөнстан «Тозок дарбазасы» деп аталган Дарваза газ кратерин өчүрүү долбоорун иштеп чыкты. Долбоор бекитүү стадиясында турганын «Түркмөнгаз» мамлекеттик концернинин жаратылыш газы боюнча Илим изилдөө институтунан билдиришти.

«Биз долбоор түздүк, анын негизги маңызы бул авариялык скважинага газдын агымын чектөө. Азыр ал практикалык ишке ашыруу стадиясында турат. Жумуш баштала элек, бирок алар башталаардан мурун теориялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, долбоорду түзүү керек. Бул долбоор буга чейин түзүлгөн, ал бекитүү стадиясында турат»,-деп жазылган билдирүүдө.

Кратер 1971-жылы советтик геологдор тарабынан табылган жаратылыш газынын топтолгон жеринде пайда болгон. Скважинаны бургулоодон кийин, алар газ менен толтурулган чоң тешик ачкан. Геологдор от өчөт деп ойлошуп, газды күйгүзүүнү чечишкен. Бирок кратер дагы эле күйүп жатат. Анын диаметри 60 метр, тереңдиги 20 метрдей.

2004-жылы Дарваза конушу газдын күйүү продуктуларынын айлана-чөйрөгө тийгизген зыянынан улам көчүрүлгөн. 2018-жылы кратерге “Каракум жарыгы” деген наам берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Сорос: Акча бакыт алып келбейт, эркиндик берет

Легендарлуу инвестор, филантроп жана бардык консерваторлордун сүйүктүү бутасы Жордж Сорос 93 жашында өзүнүн Ачык Коом кайрымдуулук Фондунун (OSF) башкаруусун кичүү уулу Александрга өткөрдү. Сорос мырзанын абалы Bloomberg миллиардерлер индексинин эсептөөлөрү боюнча 7,16 миллиард долларды түзөт. Бул дүйнөлүк рейтингде 336-орун. 37 жаштагы Алекс Wall Street Journal гезитине берген маегинде көз карашы […]

Сизге жагышы мүмкүн