«Тоголок» кенинде 17 тоннага жакын алтын бар

Автор

Ысык-Көлдөгү «Тоголок» алтын кенин өздөштүрүү иштери жигердүү улантылууда. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Кумтөр» алтын кенинен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан «Тоголок» алтын кени 1978-жылы табылган. Ошол жылдан 1982-жылга чейин геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, 1424 метрлик туннел курулган. Андан кийин кайсы бир себептер менен кенди изилдөө токтоп калган.
«Кумтөр Голд Компани» ишканасы «Тоголок» кенин иштетүүгө жана «Жангарт» аянтына геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө мамлекеттик лицензияны 2023-жылдын 8-августунда алган.
Ошол күндөн баштап кенге бара турган жолду ачуу иштери жүргүзүлгөн. Учурда жабылып калган штольнянын 230 метри ачылган. Кен менен Үч-Кошкон кыштоосунун ортосундагы жол жасалган.
Өткөн жылдын ноябрь айында бургулоо иштери башталып, 22 тилке казылып, анын ичинен 17 скважинанын үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө берилген. Декабрь айынан бери штольняда да иштер башталып, 4 тонна үлгү чогултуу мерчемделген.
Адистердин айтымында, «Тоголок» кенинде 17 тоннага жакын алтын бар. Учурда бул маалыматты тастыктоо, алтынды казып алуунун ыңгайлуу ыкмаларын аныктоо чаралары көрүлүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Окумуштуулар шоколаддын пайдалуу жаңы касиетин табышты

Кытай окумуштуулар шоколаддын жаңы пайдалуу касиетин табышты. Кара шоколадды керектөө кан басымынын узак мөөнөттүү жана туруктуу жогорулашы менен коштолгон өнөкөт оору болгон негизги гипертониянын пайда болуу коркунучун азайтышы мүмкүн. Кытай окумуштуулары изилдөө учурунда 65 миңге жакын европалыктын ден соолук маалыматтарын, биологиялык материалдарын жана тамактануу адаттарын изилдешкен. Алардын аныктоосу боюнча, кара […]

Сизге жагышы мүмкүн