ТМУ саммити. Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

Автор

Эртең, 6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI Саммити өтөт.Буга байланыштуу Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө киргизиле турган чектөөлөр тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурлан Исмаилов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 4-5-6-ноябрь күндөрү Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары менен келгендигине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
Алар:
“Манас” эл аралык аэропортунан Бишкек шаарына чейин;
Фучик көчөсүнөн тартып, Чүй кең көчөсүнө чейин;
Манас жана Фучик көчөсүнөн тартып, Чыгышты карай “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын XI саммити жана Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары учурунда коомдук тартипти сактоого жана жол коопсуздугун камсыз кылууга 4 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.
Иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы жогорулатылган режимде кызмат өтөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Майк Тайсон учурдун беш мыкты мушкерин атады

Оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон учурдагы мыкты беш мушкерди атады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда. Маалыматка ылайык, “Темир Майк” өзүнүн тизмесине бир дагы оор салмактагы өкүлүн камтыган эмес. «Учурда менин эң мыкты беш мушкерим? Мен Дэвид Бенавидес, Теренс Кроуфорд, Эррол Спенс, Шакур Стивенсон жана Жервонта […]

Сизге жагышы мүмкүн