Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерге орток алфавитке өтүү сунушун берди.
Ал бул тууралуу 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги 11-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Режеп Тайып Эрдоган Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр орток алфавитке өтүүгө даяр экенин айтып, Кыргызстанды, Казакстанды, Өзбекстанды жана Түркмөнстанды да ушундай чечим кабыл алууга чакырды.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммити болууда.
“Ынтымак Ордодогу” жыйынга ТМУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.