Ички иштер министри Улан Ниязбеков шаар тургундарына кайрылуу жолдоп, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышып жаткан конокторду өлкөбүздүн маанилүү жерлерине алып баруу мерчемделгенин, буга байланыштуу коноктор үчүн ыңгайсыздык жана тоскоолдук жаратпоону суранды.
Министр белгилегендей, саммиттин өтүшүн 4000 милиция көзөмөлдөйт. Ал эми 250 автотехника күнү – түнү иш алып барат.
Шей Ноя 5 , 2024
Жалал-Абад шаары Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев “Биринчи радиого” маегинде билдирди. Кубанычбек Өмүралиев “Бүгүнкү күндө саммиттин Кыргызстанда өтүп жатканы жана анын темасы эле Кыргызстандын жана мамлекет жетекчилеринин түрк дүйнөсүнө болгон көз карашын айгинелейт. Ошондой эле саммитте транспорт жана логистика тармагы, […]