Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин XI жыйыны болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:
1. Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммитинин Бишкек декларациясы;
2. Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими;
3. 2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;
4. Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;
5. Түрк дүйнөсүнүн Уставын кабыл алуу чечими;
6. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
7. Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө чечим;
8. Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим.
Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:
ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;
Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;
Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;
ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.