Атактуу мушкер Тим Цзю 69,9 кг салмакта Дүйнөлүк бокс уюмунун чемпиондук курун жеңип алды. Дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Константин Цзюнун уулу бул үчүн рингге чыгуунун да кереги жок болуп калды.
Дүйнөнүн мурдагы чемпиону Жермел Чарло мексикалык Сауль Альвареске каршы күрөшкө катышкандан кийин дароо титулунан ажыратылган. Америкалык мушкер титулду коргоо үчүн кичи Цзю менен беттешүүгө милдеттүү болгон, бирок андан баш тарткан.
Эске салсак, 28 жаштагы Цзю профессионалдык карьерасында бир дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес. Анын 23 жеңиши бар, анын 17син нокаут менен уткан.