Тим Цзю утулуп калды

Автор

Тим Цзю орто салмактагы WBO версиясы боюнча чемпиондук курун коргоду. Анын атаандашы Себастьян Фундара болгон. Беттеш T-Mobile Arenaда өтүп, 12 раундга чейин созулуп, анын жыйынтыгында Цзю экиге бөлүнгөн чечим менен атаандашына утулуп калды.
Австралиялык мушкер үчүн бул жеңилүү профессионалдык карьерасындагы биринчи жеңилүү болду. Акыркы беттешинде Тим Брайан Мендозаны чечими менен жеңген. Өз кезегинде Фундара ошол эле мушкерге нокаут менен утулуп калган. Цзю азыр 24 жениш жана бир утулушу бар. Фундарада 22 жеңиш, бир жеңилүү жана бир тең чыгуу бар.
Эске салсак, Тим Цзю 29 жашта. Мушкер 2016-жылы профессионалдык дебютун жасап, 2023-жылдын мартында убактылуу WBO курун жеңип алган, андан кийин толук чемпиондук статусун коргогон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү бүгүн, 1-апрелде аяктады. Салык кызматынын маалыматка ылайык, салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде юридикалык жакты түзгөн дыйкан жана фермердик ишканалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен республиканын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар 1-апрелге чейин тапшырууга тийиш. Мындан тышкары, жеке […]

Сизге жагышы мүмкүн