ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды

Автор

Кыргызстандын Тышкы иштер инистрлиги Корея Республикасында аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты.
Ага ылайык, министрлик Кореянын аймагында жүргөн КР жарандарына тынчтыкты сактап, сак болууга жана өтө зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпоону катуу сунуштайт.
“Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарып, ар кандай коомдук иш-чараларга, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга катышуудан алыс болуңуз.
Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги Корея Республикасынын тиешелүү органдары менен дайыма байланышта.
Өзгөчө кырдаал болгон учурда дароо +82 10 9798 0951 телефон номери аркылуу элчиликке кайрылыңыз”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, күн мурун Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өзүнүн телекайрылуусунда өлкөдө аскердик абал жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Бүгүн уюткулуу элибиздин улуу мурасы, элдүүлүгүбүздүн башаты, кылымдарды карытып келе жаткан рухий кенчибиз – “Манас” эпосунун күнү! Мындан улам, Сиздерди “Манас” эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын! “Манас” үчилтиги – […]

Сизге жагышы мүмкүн