ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

Автор

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы абалга көз салып жатканын билдирип, кыргызстандыктарды кырдаал турукташканга чейин бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
Тышкы иштер министрлиги кырдаал турукташканга чейин кыргызстандыктарга Сириядан чыгып кетүү сунушталып жатканын белгиледи.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү дарек боюнча ишеним телефондору аркылуу консультация же жардам ала алышат:
Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги: +96551702180;
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: +905456896800.
Эске сала кетсек, 8-декабрга караган түнү Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Ал эми Сириянын президенти Башар Асад Орусияга чыгып кетип, Кремль ага саясий башкалка берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров жумуш сапары менен Ысык-Көлгө барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн “Каракол” эл аралык аэропортун ачат. Аэропорттун ачылышы УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт. Түз алып баруунун […]

Сизге жагышы мүмкүн