ТИМ: Россия Украина боюнча тынчтык саммитине катышпайт

Автор

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын 2024-жылдын аягына чейин өткөрүүнү пландаштырган тынчтык саммитине орус бийлиги катышпай турганын билдирди. Анын айтымында, бул тынчтык саммити орус-украин жаңжалын жөнгө салууга эч кандай тиешеси жок. Ал аны «англосакстардын жана алардын украиналык марионеткаларынын дагы бир алдамчылык аракети» деп атады.
«Аталган саммиттин максаты — жашоого жараксыз «Зеленскийдин формуласы» жаңжалды чечүүнүн альтернативасыз негизи катары киргизүү жана дүйнөлүк көпчүлүктүн колдоосуна жетишип, андан кийин Россияга багытталган ультиматум түрүндө багынуу талабын коюу. Биз мындай саммиттерге катышпайбыз»,-деп билдирди Россиянын өкүлү.
Захарова орус бийлиги саясий-дипломатиялык жол менен кризисти жөнгө салуудан баш тартпай турганын жана олуттуу сунуштарды талкуулоого даяр экенин кошумчалады

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь – Кыргызстандын мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил […]

Сизге жагышы мүмкүн