Пакистандагы ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Пакистанга баруудан баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Ошол эле учурда Пакистанда жүргөн жарандарга өлкөдөгү кырдаал толук турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталат. Учурда соңку окуялардын натыйжасында жабыркаган Кыргыз жарандары тууралуу маалымат түшкөн эместиги белгиленди.