ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга баруудан карманып турууга чакырды

Автор

Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт.
Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосу Ливан жана Израилде жашаган КР жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл экенин белгилейт.
Мындан тышкары министрлик белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951), Түркиядагы элчилигинин (+905456896800) жана КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады

Кытайдын Элдик-куткаруу армиясынын ракеталык бөлүгүнүн аскерлери 25-сентябрда эртең менен дүрмөт баштын макети орнотулган континенттер аралык баллистикалык ракетаны Тынч океанга ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо министрлиги маалымдады. Ракета белгиленген аймакка жетти. Учуруу ракеталык бөлүктүн жылдык аскердик машыгуулар алкагында ишке ашырылды. Мурдараак Кытай учуруу тууралуу кызыкдар мамлекеттерге кабарлаганын коргоо мекемеси билдирди. […]

Сизге жагышы мүмкүн