ТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине барбай турууну эскертти

Автор

КР Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Израилге, Иранга жана Ливанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштагы абалды абдан тынчсыздануу менен байкап турат.Чыр-чатакка катышкан бардык тараптарды эл аралык укуктун ченемдерин сактоого, абалды курчута турган аракеттерден карманууга чакырат.
Кыргыз Республикасы согуштук иштерди токтотуп, чыр-чатакты жөнгө салуу жана саясий диалогго келүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнү көздөй тургандыгын билдирет.
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Израилге, Иран Ислам Республикасына жана Ливан Республикасына барбай турууну эскертет. Ошол эле учурда ушу тапта аталган региондордо жүргөн жарандарды жеке коопсуздугун камсыздоого, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана өздөрү жүргөн мамлекеттердин талаптарын бекем сактоого чакырат.
Кокус кандайдыр бир маалымат же жардам керек болуп калса, төмөнкү телефондорго байланышууну суранат:
Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги элчилиги: +96525359951;
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги: +905456896800;
Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги: +989352505226
КР ТИМ Консулдук департаменти: +996999312002.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ Марбург вирусу тууралуу эскертти

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Марбург вирусунун жаңы эпидемиясынын коркунучу тууралуу эскертүүдө. Уюмдун 26-сентябрдагы маалыматына ылайык, Руанданын 30 аймагынын жетөөндө жалпы 26 учур катталып, сегиз адам көз жумган. ДССУнун баамы боюнча, улуттук жана регионалдык деңгээлде эпидемиянын чыгуу коркунучу өтө жогору, бирок глобалдык деңгээлде төмөн деп эсептелет. Марбург вирусу Эбола үй-бүлөсүнө […]

Сизге жагышы мүмкүн