ТИМ кыргызстандыктарга Украинадан чыгып кетүүнү сунуштайт

Автор

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарга Украинадан чыгып кетүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин билдирүүсүндө айтылат.
«Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин маалыматына ылайык, 20-ноябрда Киев облусунун аймагына чабуул коюучу учкучсуз аппараттар колдонулуп, массалык сокку урулган. Ушул себептен Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана зарыл учурда кырдаал толугу менен турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүгө дагы бир жолу чакырат»,-деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары Украинада жүргөн учурда зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн кайрылса боло турган элчиликтин ыкчам байланыш номерлерин эске салды: +38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт

Бишкекте Алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 26-ноябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Турнирге республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекесине арналып, Спорттун улуттук түрлөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн