ТИМ: Испанияда суу ташкынынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Автор

Испаниядагы суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн кыргыз жарандары менен байланышта.
Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.
Эске салсак. Испанияда селдин айынан, соңку маалымат боюнча, өлкөнүн түштүгүндөгү Валенсия аймагында кеминде 62 адамдын өмүрү кыйылды. Шейшемби күнү бул аймакта нөшөр жаан жаап, катуу шамал болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

«Хезболланын» жаңы лидери Израил менен элдешүүнү карап көрүүгө даяр

Ливандын «Хезболла» уюмунун баш катчысы Наим Касем кызматына киришкенден кийинки биринчи кайрылуусунда каза болгон мурдагы жетекчиси Хасан Насралланын ишин улантып, Израилден келген аскердик коркунучтарга каршы турууну убада кылды. Ошону менен бирге ал «Хезболлага» ылайыктуу шарттарда ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. «Эгер израилдиктер агрессияны токтотууну чечсе, биз макул болушубуз […]

Сизге жагышы мүмкүн