Бишкекте тик учак кырсыгынын жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төртөөнүн экөө палатага которулду. Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталда, алардын абалы дагы туруктуу.
Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.
Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.