Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин жакындарына жардам көрсөтүлөт

Автор

Бишкектеги тик учак кырсыгынан каза болгон аскер кызматкеринин туугандарына жана жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
КР Коргоо министрлигинин жетекчилиги курман болгон офицердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Учурда ооруканада жаткан калган жабыркаган аскерлер керектүү дары-дармектер менен камсыздалууда.
Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.
Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.
Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштеп бошотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Түндүк Кореянын тышкы иштер министри менен жолукту

Россиянын президенти Владимир Путин Корея Элдик Демократиялык Республикасынын тышкы иштер министри Цой Сон Хи менен жолугушту. Жыйынга орус тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты. Буга чейин Россия менен КЭДРдин тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын өзүнчө жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгы боюнча Владимир Путинге маалымат берилген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн