Тикенек баскан жайлоолорду ким куткарат?

Автор

“Суусамыр жайлоосун Жалал-Абад, Чүй жана Талас облустарынын жарандары жайлашат. Учурда ал жайлоолорду алтыганат деген тикенек басып кетти. Анын жок кылуунун 3 түрү бар экен”,- деп билдирди Шайырбек Ташиев бүгүнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.
Депутат маалымдагандай 1-химиялык жолу. Бул башка өсүмдүктөргө да зыян алып келиши мүмкүн. 2-биологиялык жолу. Бул дары чачуу аркылуу алтыганатты жок кылуу. Бул ыкма жаныбарларга да, зыянын тийгизиши мүмкүн. 3-механикалык ыкма. Мында тикенекти чукуп чыгарып, өрттөп салуу.
“Ушул 3 ыкманын эң акыркысы зыяны жок экен. Ошон үчүн Айыл чарба, Экология министрликтери жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип, грант алып келишсе, биз ратификациядан өткөрүп берели”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Түштүк Африкада калың кар жаады

Түштүк Африка Республикасында акыркы 40 жылда биринчи жолу катуу шамал жана мөндүр менен коштолгон калың кар жаады. Термометрлер нөлгө чейин төмөндөдү. Жаан-чачындын эң көбү Түштүк Африканын чыгышында жана батышында жааган. Бак-дарактар ​​кулап, үйлөр жана инфраструктура бузулган. Ошондой эле айыл чарба жерлери жабыркап, жолдор жабылган. Жүздөгөн унаалар жолдо калган.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн