АКШнын Жогорку Соту Техас бийлигине акыркы мезгилде кабыл алынган эң катаал иммиграция мыйзамдарынын бирин аткарууга уруксат берди.
Ал полицияга Мексиканын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген адамдарды кармап, жоопко тартууга мүмкүндүк берет. Ак сарай бул мыйзамды Конституцияга каршы келет деп атады. АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү буга чейин федералдык кылмыш болуп саналат, бирок иштер иммиграция сотторунда жарандык мыйзамдарга ылайык каралат.
Жо Байдендин администрациясы бул чечимди кескин сынга алды. Басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдирүүсүндө “SB4 Техастагы жамааттарды гана коопсуз кылбастан, ал укук коргоо органдарына оорчулук келтирип, түштүк чек арабызда башаламандыкты жаратат”,-деди.
Техастагы SB4 мыйзамынын талаштуу себептери бар. Алардын бири соттор буга чейин өлкөнүн иммиграция мыйзамдарын жеке штаттар эмес, федералдык өкмөт гана аткара алат деп чечкен.
SB4 жергиликтүү полицияга чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген адамдарды токтотууга жана камакка алууга укук берет. Жазаларга эркинен ажыратуу же 2000 долларга чейин айып салуу кирет.