Террорчуларга бериле турган жаза белгилүү болду

Автор

Эгер “Крокус Сити Холлдогу” терракт боюнча кармалгандардын күнөөсү аныкталса, аларды жазалоонун оор түрү колдонулат. Бул боюнча РИА новости агенттиги жазып чыкты. Анда айтылгандай, террордук актыны уюштургандар өмүрүнүн акырына чейин жалгыз камерада болушат, бири – бирин көрүшпөйт. Балдары, бир туугандары жана ата – энелери менен жолуга алышпайт. Кичинекей камерада колдору аркасына байланган абалда жашашат.
Белгилүү болгондой, 22-март күнү кечинде каргашалуу окуядан кийин ак түстөгү ренаулт унаасы саатына 144 чакырым ылдамдык менен Украина тарапка багыт алган. Бирок, көп өтпөй Москва облусунун Наро-Фоминском аймагындагы Башкино айыл аймагынан кылтакка илинген. Террорчулар качып баратып, 6 жолу транспорт эрежелерин бузганы аныкталган.

Бөлүшүү:
Next Post

“Таранчы” каймана аты менен таанымал УКТ мүчөсү кармалды

«Таранчы» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аэропортунда маркум К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Таранчы” каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. кармалды. «Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн