Россиянын Тергөө комитети Москвада теракт жасаган деп шектелип жаткан, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу (РХБЗ) аскер бөлүгүнүн башчысы Игорь Кириллов жана анын жардамчысы каза болгон окуя боюнча маалымат берди. Шектүү 1995-жылы туулган Өзбекстандын жараны экени айтылды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал Украинанын атайын кызматтары тарабынан жалданганын мойнуна алган. Генералды өлтүрүү үчүн ага 100 миң доллар жана Европанын бир өлкөсүнө көчүп кетүү мүмкүнчүлүгү убада кылынган.
Тергөө комитетинин версиясы боюнча, шектүү Украинанын тапшырмасы менен Москвага келип, колго жасалган жарылуучу түзүм алган. Ал жардыргычты электр самокатка коюп, генерал Кириллов жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришине токтоткон. Үйдү көзөмөлдөп туруу үчүн ал автоунаа ижарага алып, анын ичинен камера орноткон. Камерадан тартылган видео Днепр шаарына онлайн түрдө көрсөтүлүп турган.
Өзбек жараны Москванын жанындагы Балашихинск шаар округунун Черное кыштагынан кармалганын ИИМдин расмий өкүлү Ирина Волк тактады. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
The New York Times басылмасынын маалыматы боюнча генералдын өлүмүнө жоопкерчиликти Украинанын Коопсуздук кызматы өзүнө алган.