Темир Сариев туризм комитетин түздү

Автор

Соода-өнөр жай палатасында туризм боюнча комитет түзүлдү. Аталган мекеменин жетекчиси Темир Сариев туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин талкуулады.
Темир Сариевдин айтымында, ИДПнын түзүмүндө туризм 5-7%ды түзөт, бул абдан жакшы көрсөткүч. Бирок туризм тармагында биргелешкен күч-аракет менен чечүүнү талап кылган айрым көйгөйлөр бар. Буга байланыштуу Соода-өнөр жай палатасынын алдында туризм боюнча комитет түзүлдү.
Жаңы комитеттин негизги милдети туризм тармагынын ишин системалаштыруу жана Кыргызстанда туризмди жагымдуу кылуу үчүн жаңы стандарттарды жайылтуу болмокчу.

Бөлүшүү:
Next Post

2024-жылкы "Алтын топ" сыйлыгынын баштапкы рейтинги жарыяланды

Популярдуу Goal интернет-порталы 2024-жылдагы “Алтын топтун” фавориттеринин жаңыланган рейтингин жарыялады. Алдыңкы үчтүктө эч кандай өзгөрүү болгон жок. Рейтингди “Реалдын” жана Англия курамасынын жарым коргоочусу Жуд Беллингем жетектейт. 2023/24 сезонунда ал 21 гол киргизип, 11 пас берип, Испаниянын Суперкубогун жеңип алган. Андан кийин “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе жана “Манчестер Ситиден” […]

Сизге жагышы мүмкүн