“Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан” үчилтигинин темир жол куруу планы ушул жылы башталат. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында мезгил кутучасы салынаарын президент Садыр Жапаров билдирди. Ал 6-декабрда Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылышына катышып, сөз сүйлөдү. Анда 2020-жылдан бери өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн белип, буга далил катары өлкөдө бир да жолу митинг, пикеттердин болбогонун көрсөткөн.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбооруна кетүүчү каражат 4 млрд 665 млн долларды түзөт.
Анын 2 млрд 332 млн долларын Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя берет.