Бүгүнкү күндө телефонсуз жашоону элестетүү мүмкүн болбой калды. Ошондуктан сүйлөшүүдөн мурда телефон маданиятын биле жүрөлү…
1. Бирөөнүн телефонун ачпа.
2. Бирөөнүн телефонуна чалуу түшсө алба.
3. Бирөө СМС жазышып жатса караба.
4. Тамак ичип жатканда телефон чукуба.
5. Коноктун маңдайында телефон чукулап отурсаң сыйлабастык болот.
6. Үйдө же жумушта жаныңда башка адамдар болсо телефондун үнүн чыгарып музыка укпа. Сен жактырган музыканы баары эле жактыра бербейт.
7. Жаныңда адам болсо телефондун үнүн чыгарып сүйлөшпө.
8. Бирөө менен баратканда же отурганда чалуу келсе кыска сүйлөшкөнгө аракет кыл.
9. Бирөөдөн чалуу келсе жаныңдагылардын тынчын албай, ээндеп барып сүйлөш.
10. Унаада жүргүнчү болуп баратып ар ким менен “жомок” айтышканың адепсиздик болот.
11. Коомдук жайда акырын сүйлөш.
12. Дааратканада отуруп телефон кармаба. Колуңду жууган менен телефонду жууй албайсың.
13. Кечинде жатканда “үнсүздүккө” коюп жат.
14. Таңында коңгуроого койсоң, ойгоноор менен тезирээк өчүр.
Шабдан Сулайманов интернет баракчасынан алынды