Телеграм Казакстанда кеңсе ачат

Автор

Казакстанда Telegram мессенжеринин өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу республиканын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Биздин мыйзамдарга ылайык, Telegram, WhatsApp жана TikTok сыяктуу Интернет платформалар эми Казакстанда өз өкүлдөрүнө ээ болууга милдеттүү. Telegram менен алардын өкүлүн дайындоо жана кеңсе ачуу боюнча макулдашууга жетишилди – бул контентти көзөмөлдөөнү жакшыртууга багытталган маанилүү кадам»,-деди министр Жаслан Мадиев АКШ Соода палатасынын жана ири америкалык бизнес өкүлдөрүнө. Ушул жолугушууда министр Meta жана Apple компанияларынын өкүлдөрү менен маалымат коопсуздугу, жалган аккаунттарга каршы күрөшүү жана колдонуучуларды коргоо маселелерин талкуулады.

Бөлүшүү:
Next Post

Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футболчулары беттешет

2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында бүгүн,15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыргыз курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, учурда кореялык футболчулар эки күн мурда Кыргызстанга келишип, машыгып жатышат. Эске салсак, буга чейин Кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн